Бишкекте май куйган жайларга жер берүүгө мораторий 10 жылга узартылды

© Sputnik / Максим БогодвидМай куйган жай. Архив
Май куйган жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бишкекте май куюучу жайларга жер берүүгө киргизилген мораторий 10 жылга узартылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кабыл алды.
Убактылуу тыюу экологиялык жана технологиялык коопсуздукту камсыздоо, транспорттук түйүндөрдөгү көйгөйлөрдү чечүү максатында киргизилген.
Муну менен 2013-жылдын 19-ноябрынан бери иштеп жаткан мораторий 2033-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.
Шаардык кеңеш май куйган станцияларга мурда бөлүнгөн аянттардын багытын өзгөртүүгө уруксат берүүнү сунуштаган токтомдун долбоорун да кабыл алды. Ага ылайык, бул жерлерге социалдык объект, сквер, парк жана башка жашыл зоналар, көп ярустуу унаа токтоткон жайлар курулмакчы.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2024
Бишкекке айыл-конуштарды кошуу, жол кире, унаа тыгыны. Бишкек мэри менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0