Айдоочуларга эскертүү! Эртең Долон ашуусу убактылуу жабылат. Себеби

© Фото / пресс-служба УВД Нарынской областиДолон ашуусундагы карды атып түшүрүу. Архив
Долон ашуусундагы карды атып түшүрүу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. 7-мартта Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 293-306-чакырым аралыгы (Долон ашуусу) жабылат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, бул күнү жолдун аталган бөлүгүндө карды атайылап атып түшүрүү иштери жүрөт.
"7-мартта саат 12:00дөн кечки саат 18:00гө чейин жолдун Нарын районунун Оттук айылынан Кочкор районунун Сары-Булак айылына чейинки бөлүгү жабылат. Көчкүнүн көлөмүнө жараша убакыт узартылып же кыскартылып калышы мүмкүн", — деп жазылат маалыматта.
Бишкектин мэри көчөнүн жолун куруу планы менен таанышып жатат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
Бишкекте шаардын түндүк менен түштүгүн байланыштырган үч чоң жол салынат. Карта
Жаңылыктар түрмөгү
0