Муфтият быйылкы битир-садаганын өлчөмүн бекитти

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте битир-садага үчүн кутулары менен мусулмандар. Архив
Бишкекте битир-садага үчүн кутулары менен мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Жазылуу
Орозо 11-мартта башталат.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Муфтият быйылкы Рамазан айындагы берилчү битир-садаганын көлөмү 50 сом деп бекитилгенин кабарлады.
Ага ылайык, 50 сом — бул 1,6 килограмм буудайдын базардагы баасы.
Муфтият буудайдан сырткары өз шартына карап ун, мейиз, арпа жана курманын тиешелүү өлчөмүнүн баасына тууралап битир-садага берсе болорун белгиледи.
Эскерте кетсек, быйыл орозо 11-мартта башталып, 10-апрелде Орозо айт майрамдалат.
Sputnik агенттиги Кыргызстандын ар аймактарына жараша убакыт-сааты көрсөтүлгөн календарь даярдаган. Орозо кармаган жакындарыңызды кабардар кылып коюңуз.
Бишкектеги Орозо-айт намаз учурунда мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
Кыргызстандын муфтияты орозо 11-мартта башталарын ырастады
Жаңылыктар түрмөгү
0