Ноокатка соода-логистикалык борбор куруу пландалууда. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГЧПНоокатка соода-логистикалык борбор куруу пландалууда. Сүрөт
Ноокатка соода-логистикалык борбор куруу пландалууда. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Жазылуу
Соода-логистикалык борбор иштеп калса 4 миңден ашык жумушчу орун пайда болору кошумчаланды.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) алкагында соода-логистикалык борбор курулмакчы. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, жаңы салына турган борбордо соода-оюн-зоок комплекси, мейманкана, тиричилик буюмдарын, курулуш материалдарын, кийим-кече жана башка товарларды саткан жайлар, кайра иштетүүчү цехтер, кампа, унаа токтотуучу жай жана башкалар болмокчу.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн 2 миллиард сомдон ашык инвестиция тартуу пландалып жатканы белгиленди. Бирок убактысы так көрсөтүлгөн эмес. Соода-логистикалык борбор иштеп калса 4 миңден ашык жумушчу орун пайда болору кошумчаланды.
Логистикалык борбордо посылкаларды жана пакеттерди сорттоо линиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Министрлик Ош менен Баткенге соода-логистикалык борбор курууга өнөктөш издөөдө
Жаңылыктар түрмөгү
0