Министрлик 10-15 жаштагы балдардын жетилүүсүндөгү өзгөрүүлөрдү тизмектеди

© Sputnik / Жоомарт УраимовМектеп окуучулары. Архив
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Жазылуу
Балдар ушул куракта өз курбалдаштары менен достошууга өтө кызыкдар болушат. Модага катуу таасирленип, трендде болгон нерселерге оңой берилишет.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору 10 жаштан 15 жашка чейинки балдардын жетилүү учурунда кандай процесстер жүрөрүн түшүндүрдү.
Борбордун маалыматы боюнча, бул куракта балдарда жыныстык жетилүү процесси жүрөт. Организм физикалык, психологиялык, интеллектуалдык жана социалдык өзгөрүүлөргө дуушар болот.
"Физикалык жактан жетилүү тез, бирок түрдүү динамикада жүрөт. Ошондуктан өздөрүн көбүнчө чарчаңкы, олдоксон сезишет. Баары аларга гана көңүл буруп жаткандай ойдо болушат. Жыныстык жетилүүдө балдар кыздарга, кыздар балдарга кызыга баштайт. Кыздарда бул нерсе эртерээк байкалат. Көпчүлүгүнүн тамакка болгон табити күчөйт. Көбүрөөк жалкоолонгондой көрүнүшөт, бирок бул — организмди катуу чарчоодон коргоонун табигый механизми", — деп айтылат материалда.

Психикалык өнүгүүдө:

маанайлары кескин өзгөрүп турат;
көп учурда тез ачууланышат. Зарыл деп эсептеген учурда гана сабыр кылууга жөндөмдүү болуп калышат;
акырындап өзүнө ишене баштайт. Энтузиазмга ээ болушат;
тамашалашып сүйлөшүүгө өтүшөт;
өз көз караштарын өжөрлүк менен карманууга, ага бардык жерде ынандырууга аракет кылышат.

Интеллектуалдык өнүгүү

ой жүгүртүүдө өзгөрүүлөр болот;
фактыларды жана далилдерди талап кылышат;
аларга айтылган кептин баарын кунт коюп укпай, жакшы кабыл албай башташат, көп учурда бардыгын сындашат. Алардын каалоолоруна карама-каршы келген ой жүгүртүүлөрдү кабыл алуулары кыйын;
логикалык ой жүгүртүүгө болгон жөндөмдүүлүк жогорулайт;
чыгармачыл кыялдарын жана чыгармачылык ишмердүүлүгүн көрсөтүүгө жөндөмү артат;
кылган иштеринин кесепеттерин божомолдоого акыл-ой жүгүртө баштайт.

Социалдык өнүгүү:

өзү курактуулар менен достошуу каалоосу жогорулайт. Үй-бүлөсүнөн көз карандысыз болгулары келет. Тез эле чоңоюуну каалашат;
ата-энесинин жана башка чоңдордун ой, пикирлерине сезимтал келишет, алар тараптан түшүнүү болуусун каалашат;
мамиле түзүү көндүмдөрүнө ээ боло башташат. Өзүнүн курбалдаштарынын жактыруусуна кандай болбосун жетишүүгө жөндөмдүү;
мелдешүү ишмердүүлүгү өнүгөт;
кыздар өз курбалдаштары менен достошот, бирок адатта улуураак балдарга кызыгышат;
модага абдан таасирленишет. Модалуу нерселерге оңой эле кызыгышат.
Психолог Сейил Калдыбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2024
Радио
Психолог: көпчүлүк ата-эне балага ачык, так суроо бергенди билбейт
Жаңылыктар түрмөгү
0