Россия — эми силердин досуңар! Путин Сириуска келген жаштарга кайрылды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖаштардын дүйнөлүк фестивалы
Жаштардын дүйнөлүк фестивалы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Жазылуу
Кыргызстандын атынан фестивалга 230га чукул адам катышты.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Владимир Путин Сириустагы Жаштардын дүйнөлүк фестивалы дүйнөнүн ар кайсы мамлекетинен келген жаштарга эркиндик, чыгармачылык, достук үчүн жана пикир алмашуусуна шарт түзүү максатында уюштурулганын айтты.

"Россия — эми силердин досуңар. Биздин эшик силер үчүн, силердин баштай турчу иштер үчүн ачык", — деген Путин.

Эске салсак, 1-мартта Россияда Жаштардын дүйнөлүк фестивалы башталган. Ал Россия лидери Владимир Путиндин жарлыгынын негизинде Сириус федералдык аймагында өтүп, аны Росмолодёжь уюштурду. Буга дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринен келген жаш лидерлердин саны 20 миңден ашты. Жаштар — спорт, медиа, илим, бизнес, ыктыярчылык, кайрымдуулук, билим берүү, маданият, бизнес жана башка тармактардын өкүлдөрү.
Кыргызстандын атынан фестивалга 230га чукул адам катышты.
Россия президенти Владимир Путин Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын жабылуу салтанатында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2024
Путин: Россияда дүйнө жаштарынын шаарын түзө алдык
Жаңылыктар түрмөгү
0