Шылуундар элди "инвестор бол" деп алдап жатат. Милициянын эскертүүсү

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖерде жаткан сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Жерде жаткан сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Жазылуу
Милиция кабарды жакшылап текшерип күмөндүү маалыматтарды расмий булактардан тастыктоо керектигин айтат.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы элге кайрылып, социалдык тармакта тарап жаткан "Кыргызнефтегазга" микроинвестиция кылсаң акчаң көбөйөт" деген маалыматка ишенбөөгө чакырды.

"Учурда фейк-аккаунттар аркылуу "Кыргызнефтегаз" өлкөнүн бардык тургундары үчүн микроинвестициялардан акча табуу мүмкүнчүлүгүн ачты" деген чындыкка дал келбеген маалымат тарап жатат. Анда шылуундар жарандарды инвестор катары акча салууга үндөйт. Мындан улам "Кыргызнефтегаз" ААКсына салына турган инвестициялар тууралуу тараган маалыматтар жалган экендигин билдиребиз", — деп айтылат маалыматта.

Милиция кабарды жакшылап текшерүүгө, акчага сак болууга чакырат. Ошондой эле "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому боюнча расмий маалыматты сайтынан гана алууга болорун эскертет.
Такси айдоочусу иш учурунда. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Акчаны курьерден алдырткан шылуундар көбөйүүдө. Милиция таксисттерге кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0