СССРде космонавттарды кантип тандашкан жана алар кимдер. Видео

Жазылуу
Мындан 64 жыл мурда, 1960-жылы, Советтер Союзунда космонавттардын өтө амбициялуу биринчи отряды түптөлгөн.
Космосту багындыруу үчүн даярдалчуларды өтө катуу талаптарды коюп тандашкан. 3000 кишинин ичинен бир жыл байкоо жүргүзүп отуруп, 20 кишини алышкан. 35 жаштан улуу эмес аскер учкучу болушу керек эле. Бою 175 сантиметрден кем эмес, салмагы 75 килограммдан ашпасын дешкен.
Биринчи космонавт Юрий Гагарин, экинчиси Герман Титов болду. Андриян Николаев биринчи топтогу космонавттардын курамы менен учат да, кийинчерээк биринчи аял-космонавт Валентина Терешкованын күйөөсү болуп калган.
Алексей Леонов биринчилерден болуп ачык космоско чыгат. Владимир Комаров космоско экинчи ирет учкандан кийин каза табат. Виктор Горбатко космосту үч ирет багындырат. Борис Волынов эки ирет учуп, бул тармакта башкалардан узагыраак жүргөн. Волыновдун космосто 30 жылдык стажы бар, ал быйыл өзүнүн 90унчу туулган күнүн белгилемекчи.
Жаңылыктар түрмөгү
0