Жалал-Абадда ымыркайын таштандыга ыргыткан келинге соттун чечими чыкты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТөрөт үйүн реанимация бөлүмүндөгү наристе. Архив
Төрөт үйүн реанимация бөлүмүндөгү наристе. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2024
Жазылуу
Наристенин 18 жаштагы энеси убактылуу жашаган батириндеги жуунуучу жайдын ичинен төрөп, кызын кийимге ороп, коркконунан таштандыга таштап койгону маалым болгон.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаардык соту жаңы төрөгөн ымыркайын Спутник кичи шаарчасындагы акыр-чикир таштоочу жайга таштап кеткен келинге чечим чыгарганын Sputnik агенттигине соттун маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Т. Э. И. Кылмыш-жаза кодексинин "Жаңы төрөлгөн ымыркайды энеси өлтүрүүгө аракет кылган" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот аны бир жылга шарттуу көзөмөлгө алуу чечимин чыгарды.
Эске салсак, 2023-жылдын ноябрь айында Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасында акыр-чикир таштоочу жайдан жаңы төрөлгөн кыз табылган. Кийин кыздын 18 жаштагы энеси убактылуу жашаган батириндеги жуунуучу жайдын ичинен төрөп, кызын кийимге ороп, коркконунан таштандыга ыргытканы маалым болгон.
Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2024
Арча-Бешикте ташталган ымыркай. Энесине соттун чечими чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0