"Алтын түйүндүн" педагогдору россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашты

© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР"Алтын түйүндүн" педагогдору россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашты
Алтын түйүндүн педагогдору россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2024
Жазылуу
Семинар "Орлёнок" бүткүл россиялык балдар борбору менен кызматташуу боюнча келишимдин алкагында уюштурулган.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. "Алтын түйүн" балдардын улуттук инженердик-техникалык академиясынын жана анын Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы филиалдарынын адистери аэрокосмостук билим берүү жана инновациялык технологиялар жаатындагы семинарга катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР

"Алтын түйүн" балдардын улуттук инженердик-техникалык академиясынын жана анын Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы филиалдарынын адистери аэрокосмостук билим берүү жана инновациялык технологиялар жаатындагы семинарга катышты

"Алтын түйүн" балдардын улуттук инженердик-техникалык академиясынын жана анын Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы филиалдарынын адистери аэрокосмостук билим берүү жана инновациялык технологиялар жаатындагы семинарга катышты - Sputnik Кыргызстан
1/2

"Алтын түйүн" балдардын улуттук инженердик-техникалык академиясынын жана анын Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы филиалдарынын адистери аэрокосмостук билим берүү жана инновациялык технологиялар жаатындагы семинарга катышты

© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР

Билдирмеге ылайык, семинар "Орлёнок" бүткүл россиялык балдар борбору менен кызматташуу боюнча келишимдин алкагында уюштурулган

Билдирмеге ылайык, семинар "Орлёнок" бүткүл россиялык балдар борбору менен кызматташуу боюнча келишимдин алкагында уюштурулган - Sputnik Кыргызстан
2/2

Билдирмеге ылайык, семинар "Орлёнок" бүткүл россиялык балдар борбору менен кызматташуу боюнча келишимдин алкагында уюштурулган

1/2

"Алтын түйүн" балдардын улуттук инженердик-техникалык академиясынын жана анын Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы филиалдарынын адистери аэрокосмостук билим берүү жана инновациялык технологиялар жаатындагы семинарга катышты

2/2

Билдирмеге ылайык, семинар "Орлёнок" бүткүл россиялык балдар борбору менен кызматташуу боюнча келишимдин алкагында уюштурулган

Билдирмеге ылайык, семинар "Орлёнок" бүткүл россиялык балдар борбору менен кызматташуу боюнча келишимдин алкагында уюштурулган.
"Алтын түйүндүн" мугалимдери робот техникасы, 3D-моделдөө, программалоо боюнча мастер-класстарга катышышкан. Мындан тышкары, аларга орбиталык кыймыл, учуу симуляторунда учакты башкаруунун негиздери тууралуу сабактар өтүлдү.
Семинардын катышуучулары менен окутуучулары Авиация жана космонавтиканын инновациялык технологиялары борборуна, SAP инновациялык борборуна жана "Орлёнок" балдар борборунун обсерваториясына барып, таанышышты.
"Алтын түйүн" академиясынын жана "Орлёнок" борборунун адистери "Кошумча билим берүүдөгү инновациялык педагогикалык технологиялар" эл аралык конференциясында билим берүү процесстерин санариптештирүү жана геймификациялоо маселелерин, балдар менен иштөөдө долбоорлоо ыкмасын киргизүүнүн келечегин талкуулашты.
Тюмень мамлекеттик университетин кампусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
Кыргызстандыктарды Тюмень мамлекеттик университети билим алууга чакырууда
Жаңылыктар түрмөгү
0