Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Киевдин коргонуусунда жаңы чоң көйгөй жаралды

© Sputnik / Станислав Красильников / Медиабанкка өтүү"Ураган" көп учуруучу ракета системасынын экипажындагы жоокер
Ураган көп учуруучу ракета системасынын экипажындагы жоокер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2024
Жазылуу
Россиянын куралдуу күчтөрү чабуулду күчөткөндүгү белгиленди.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Украина фронттук чектерди коргоону бекемдөөдө олуттуу натыйжаларга жетише алган жок. Бул тууралуу батыштык аткаминерлер менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери айтканын The Wall Street Journal гезити жазды.
Буга чейин The New York Times гезити Американын Planet Labs спутник компаниясынын видеолоруна таянуу менен Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Авдеевкадан батышка карай коргонуусу бир кыйла алсыз экенин, бул жагдай Россия армиясынын ийгиликтерине шарт түзөрүн жазган.
"Коргонууну бекемдөө кампаниялары көрүнүктүү жыйынтыктарды берген жок. Россия чабуулду күчөткөндөн улам Украинадагы прогресстин жоктугу алар үчүн көйгөй болууда", — деп жазылган анда.
Украинанын улуттук стратегиялык изилдөө институтунун илимий кызматкери Николай Белесков “учурда Россиянын куралдуу күчтөрү ыңгайлуу абалда турат жана жылдын экинчи жарымында катуу чабуул жасоого даярдыктарды көрүп жатат” деген божомолун айткан.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аскерлер такыр эле жетишсиз. Украинанын Коргоо министрлигинин билдирүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0