Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бишкектин четине курула турган ат майдан Колизей тибинде болот

© Sputnik / Асылбек БактыбековКөк бөрү федерациясынын биринчи вице-президенти Нурлан Максутов
Көк бөрү федерациясынын биринчи вице-президенти Нурлан Максутов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Жазылуу
Көк бөрү федерациясынын биринчи вице-президенти Нурлан Максутов жаңы ат майдандын курулушу улуттук спорттун түрлөрүнүн, көк бөрүнүн өнүгүшүнө жол ачарын айтты.
Көк бөрү федерациясы жаңы ат майдандын курулушу үчүн Колизей тибиндеги эскиздик долбоорду даярдады. Бул тууралуу Нурлан Максутов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бишкектин четинде курула турчу ат майданы Колизей тибинде болот
Анын айтымында, Бишкектин четиндеги 230 гектар аянтты камтыган ат майдан 13 500 адамга ылайыкталып курулат.

"Бишкектин четине жаңы ат майдан куруу үчүн 230 гектар жер бөлүнгөн. Учурда Көк бөрү федерациясы жаңы ат майдандын курулушу үчүн Колизей тибиндеги эскиздик долбоорду даярдады. Ипподром 13 500 адамга ылайыкталып, бардык шарты менен салынмакчы. Бул улуттук спорттун түрлөрүнүн, көк бөрүнүн өнүгүшүнө жол ачат. Ичинде этнокомплекс, музей, машыгуу үчүн спорттук аянтча, маданий парктар, аттарды кармай турган жай да жайгашат. Ал жакка каалоочулар келип, ат минип, көк бөрү менен таанышып, ата мурасын жаштарга жеткирүүчү жакшы аянтча болот", — деди Максутов.

Ошондой эле адис учурда ат майдандын орду даярдалып, курулуш иштери башталуу этабында турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0