Кулактын саламаттыгына кам көрүүдө сакталчу эрежелер

© AFP / FRED TANNEAUКулакты текшертүү. Архивдик сүрөт
Кулакты текшертүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Жазылуу
Дарыгерлер кулакты үй шартында, өз алдынча дарылабоого чакырат.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин Ден соолукту чыңдоо борбору кулактын угуусуна жана анын саламаттыгына туура кам көрүү зарылдыгын эскертти.

Кулакты кантип туура тазалаш керек?

Аталган органдын ички бөлүгү өзү тазалана тургандай системада иштейт. Анын сырт жагын гана жумшак таза чүпүрөк же кебез менен тазалап койсо болот. Медицина кызматкерлеринин кеңешисиз кандайдыр бир предметтерди анын ичине салууга же суюктуктарды куюуга болбойт.

Кулактан чыккан сары-күрөң суюктук же кулку эмнени билдирет?

Мындай көрүнүш нормалдуу деп саналат. Ал кулактын ичин чачтардан, ар кандай кир-чаңдан, дагы башка заттардан сактайт. Аны тазалап туруунун зарылчылыгы жок. Эгерде угууга кандайдыр бир тоскоолдук жаратып жатса дарыгерлерге кайрылып тазалатууга болот.

Кебез оролгон таякчаларды колдонууга болобу?

Мындай таякчаларды колдонуу сунушталбайт. Айрым учурда кулкуну кулактын ички бөлүгүнө түртүп салып, угууну начарлатат. Кээде кебездин бөлүктөрү калып, ал инфекцияны козгошу мүмкүн.
Кулак оорунун себептери:
кулкунун кулак көңдөйүнө катып, такалып калышынан;
угуу көңдөйүнө же барабан кабыкчаларына инфекция киргенден;
жараат алгандан.
Дарыгерлер кулак ооруну үй шартында дарылабоого чакырат. Көпчүлүк кулак ооруганда чүпүрөктү ысытып басып же майларды ысык, муздак кылып колдонууну адат кылган. Бул туура эмес. Мындан тышкары, дарыгердин көрсөтмөсү жок дары каражаттарын колдонууга болбойт.
Эгерде кулакка суу кирип кетсе бир нече убакыттан кийин ал өзү чыгат. Чыкпаса кулактын көңдөйчөсүнө кулку такалып калган болушу мүмкүн. Бул жагдайда да ак халатчандарга кайрылуу керек, алар катып калган затты чыгарып беришет. Кулактын саламаттыгына кам көрүүдө музыканы өтө бийик кылып угуудан алыс болуу керектиги эскертилди.
 Масочный режим в Москве  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Дүлөй болосуң! Дарыгер кулакчынды канча убакыт тагынуу туура экенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0