Жоламан Шаршенбеков Антальяда алтын медаль утту. Видео

© Фото / United World Wrestling / Kadir CaliskanКыргызстандык белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков. Архивдик сүрөт
Кыргызстандык белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Жазылуу
Спортчу чечүүчү кармашта ирандык балбанды утуп алды.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Жоламан Шаршенбеков Түркиядагы турнирде алтын медаль утту.
Yasar Dogu&Vehbe Emre аттуу эл аралык турнир Анталья шаарында өттү.
Жоламан Шаршенбеков килем бетинде 60 килограмм салмакта күрөшүп, финалга чейин казакстандык, түркиялык, өзбекстандык спортчуларды уткан. Ал эми чечүүчү кармашта ирандык балбанды жеңип алды.
Кыргызстандык балбандар аталган мелдештен жалпысынан алты медаль алды. Курама команданын капчыгында үч алтын, үч коло бар.
Балбан Айсулуу Тыныбекова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы турнирде алтын утту
Жаңылыктар түрмөгү
0