Чехиялык Кристина Пышкова "Дүйнө сулуусу" аталды. Сүрөт

© AFP / PUNIT PARANJPEЧехиялык Кристина Пышкова "Дүйнө сулуусу" аталды
Чехиялык Кристина Пышкова Дүйнө сулуусу аталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
Жазылуу
23 жаштагы модель бир нече тилде сүйлөп, Танзанияда аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн англис тилиндеги мектеп ачкан.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Чехиялык Кристина Пышкова "Дүйнө сулуусу" сынагында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Иш-чаранын финалы Индиянын Мумбаи шаарында өткөн. Билдирмеге караганда, бул — аталган мамлекеттин сулуулар сынагындагы экинчи жеңиши. 2006-жылы "Дүйнө сулуусу" титулун дагы бир чехиялык кыз Татьяна Кухаржова алган.
Пышкова 23 жашта, укук жана бизнести башкаруу тармагында билим алып жатканы айтылды. Ал бир нече тилде сүйлөп, Танзанияда аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн англис тилиндеги мектеп ачкан.
Индия экинчи ирет "Дүйнө сулуусу" сынагын өткөрүп жатат, буга чейин аталган өлкөдө сулуулар сынагы 1996-жылы уюштурулган.
Жердин сулуусу эл аралык сынагынын жеңүүчүсү албаниялык Дарита Зири  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2023
Планетадагы эң сулуу кыз аныкталды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0