Жаан-чачындуу болот. Кыргызстан боюнча 16-мартка чейинки аба ырайы

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшСулайман-Тоо. Архивдик сүрөт
Сулайман-Тоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
Жазылуу
12-мартта өлкөдө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болушу күтүлүүдө.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 16-мартка чейинки аба ырайынын божомолун жарыялады.
Синоптиктердин айтымында, борбор калаа Бишкекте алдыдагы апта жаан-чачындуу өтөт. Абанын температурасы жуманын ортосуна чейин 16 градус жылуу болуп, 13-марттан тарта кескин сууктап 2...9 градуска чейин түшөт.

Чүй жана Талас облустары

Өрөөндө 11, 15 жана 16-мартта аба ырайы бузулбайт. Жуманын калган күндөрүндө мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге (12-мартта күндүз) жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактары

Бул аймактарда да 11, 15,16-мартта күн ачык болот. Калган күндөрдү жамгыр, тоолуу райондорго кар жаай турганы айтылды. 12-мартта айрым жерлерде катуу шамал болот.

Ысык-Көл жана Нарын дубандары

10-12-мартта жаан-чачын болбойт. 13-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-марттан тарта аба ырайы жакшыра баштайт. Синоптиктер аймакта 12-мартта ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болорун божомолдошууда.
Бишкекте аял баласы менен тротуарда бара жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Күн жылыйбы? Март айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0