Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинаны калыбына келтирүүгө канча каражат кетери айтылды

© AP Photo / LibkosОдесса портунда кыйраган имараттын ордунда куткаруучулар иштеп жатат. Архив
Одесса портунда кыйраган имараттын ордунда куткаруучулар иштеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Украинаны калыбына келтирүүгө бир триллион доллардан ашык каражат керектелет. Бул тууралуу Европа инвестициялык банкынын маалыматына таянып Bloomberg жазды.
Материалда согуш талаасындагы окуялар жаңжалдын бүтөрүнөн эч кабар бербей, "ийгиликсиз кадамдар Киевдеги жалпы маанайга терс таасир берип жатканына" карабай өлкө аймагында компаниялар барган сайын көбөйүп жатканы айтылат. Авторлордун айтымында, ишкерлер чыр-чатак соңуна чыккан соң ири инвестициялык мүмкүнчүлүктөр ачылат деген бекем ишенимде.
"Өкмөттөр, компания жетекчилери, инвесторлор өлкөнүн калыбына келчү учурун күтүп жатышат. Европа инвестициялык банкынын эсеби боюнча, буга бир триллион доллардан ашуун каражат керектелет", — деп жазылат макалада.
Bloomberg инфляцияны эсепке алганда аталган сумма АКШнын "Маршалл планынын" (Американын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин европалык мамелкеттерге көрсөткөн жардамы) алкагында бөлгөн акчасынан беш эсе көп экенин жазды.
"Түзүлө турган келишимдердин көбү америкалык жана европалык компанияларга туура келчүдөй. Анткен менен Түркия алдыда баратат", — деп кошумчалаган агенттик.
Макалада келтирилген маалыматтарга ылайык, түрк компаниялары көпүрө, жолдорду калыбына келтирип, энергетикалык генераторлорду, мобилдик госпиталдарды жеткирүүдө. Мындай аракеттин артында "ири келишимдер үчүн атаандаштык курчуганда артыкчылыкка ээ болуу" максаты турат.
Ал эми австриялык жана немецтик компаниялар инфраструктура менен коргоо ишканаларын калыбына келтирүүнү көздөп жатат. Ал арада Дания Украинанын Николаев шаарында кеме куруу тармагын жандантууга 130 миллион доллар бөлгөнү айтылды.
Европа инвестициялык банкынын башчысы Вернер Хойер 2022-жылдын май айында Украинаны калыбына келтирүү үчүн "Маршалл планын" каржылоого бир нече триллион доллар керектелерин билдирген эле. Ал эми Германия канцлери Олаф Шольц ошол эле жылдын августунда Украинаны калыбына келтирүү "Маршаллдын планына" караганда алда канча масштабдуу болорун, буга миллиарддаган каражат жумшаларын айткан болчу.
Украинанын мамлекеттик желектери жана Евробиримдиктин желеги менен протоколдун мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЕБдин Киевге жардамы "Маршаллдын планынан" ашып түшкөнүн айтышууда
Жаңылыктар түрмөгү
0