"Манас" дагы бир тилге которулуп, бет ачары Россияда өттү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Манас" эпостун китептери. Архив
Манас эпостун китептери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2024
Жазылуу
Мар Байжиев Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин вариантынын негизинде "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилитигин бириктирип орус тилинде баяндап берген.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. "Манас" эпосунун Мар Байжиев жазган версиясы балкар тилине которулганын "Манас" улуттук академиясы билдирди.
Китептин бет ачары 6-март күнү Россиянын Кабардин-Балкар Республикасынын борбору Нальчик шаарында өткөн.
"Котормону Кыргызстанда туулуп-өскөн Сакинат Мусукаева ишке ашырса, китепти чыгарууга Россиянын Карачай-Черкесия Республикасынын эл акыны, "Минги-Тау" адабий журналынын башкы редактору Аскер Додуев көмөк көрсөткөн", — деп айтылат академиянын маалыматында.
Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин вариантынын негизинде "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилитиги бириктирилип орус тилине эркин которулган Мар Байжиевдин "Манас тууралуу баян" китеби 2010-жылы жарыкка чыгып, бир катар тилдерге которулган.
Ысык-Көлдө Манасчылар паркы комплексинин эскиздик долбоору иштелип чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Ысык-Көлдө Манасчылар паркы пайда болот. Эскизи
Жаңылыктар түрмөгү
0