Россия Кыргызстанга 2 миллиард рубль бөлүүгө даяр. Багыты

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМиң-Куш айылындагы уран калдыктары көмүлгөн жай. Архив
Миң-Куш айылындагы уран калдыктары көмүлгөн жай. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2024
Жазылуу
Макулдашуунун алкагында беш объект реабилитацияланат.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Россия Кыргызстандагы калдык сактоочу жайларды калыбына келтирүүгө 2 миллиард 141 миллион рубль бөлүүнү пландап жатканын Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча 92 калдык сактоочу жай бар болсо, анын 62си Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансында турат.
"Кажы-Сай жана Миң-Куштагы төрт калдык сактоочу жайды рекультивациялоо иштери аяктап жатат. Мындан тышкары, биздин кайрылуубуздан кийин Россия бул максаттарга 2 миллиард 141 миллион рубль бөлүүнү көздөп жатат. Тиешелүү келишим иштеп чыктык, документтин алкагында бул ишти жүргүзө тургандарды салык төлөөдөн бошотуп беребиз", — деди Мамбетов.
Анын айтымында, Кажы-Сай (Тоң району), Сумсар (Чаткал району) жана Канда (Кадамжай району) беш объектини реабилитациялоо пландалууда. Мындан тышкары, Таш-Көмүр жана Ноокат райондорундагы тоо таштандылары рекультивацияланат.
Талаада буудай өстүрүү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Садыр Жапаров: Кызыл-Омполдо руданы алып чыккан соң буудай, өрүк өстүрсө болот
Жаңылыктар түрмөгү
0