"Эл каршы чыкты". Саясатчы Макрондун Киевге аскер жөнөтүү демилгеси жөнүндө

© AP Photo / Petr David JosekФранциянын президенти Эммануэль Макрон
Франциянын президенти Эммануэль Макрон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2024
Жазылуу
Франциядагы "Патриот" партиясынын лидери алардын президентинин айтканы көптөрдү чатактын токтошун жана сүйлөшүүлөрдүн башталышын жактап жаткандардын тарабына түрттү.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Украинага аскер жөнөтүлүшү мүмкүн экендиги боюнча айтканы согушка каршы адамдардын санын арттырды. Бул туурасында Франциядагы "Патриот" партиясынын лидери, Европарламент шайлоосуна талапкер Флориан Филиппонун айтканын РИА Новости жазды.
"Украинадагы жаңжал боюнча эч кандай пикири жоктордун көбү эгер "баасы" ушундай болсо бул согушка аралашканыбызды токтотушубуз керек, бул өтө эле чектен чыгып кетти деген маанайда пикирлерин билдирип жатышат", — деген Филиппо.
Анын ою боюнча, "франциялыктар Киевдин жеңе албастыгын" түшүндү. Figaro февралдын аягында жарыялаган сурмажылоодо Франциянын ага катышкан жарандарынын 9 пайызы гана Украинанын жеңерине ишенери белгилүү болгонун жазган.
"Эл Украинага аскер жөнөтүүгө кескин каршы чыкты, ал эми ортодо болгондор "бул өтө чектен чыккандык" деп жатышат. Балдарын, неберелерин кан күйгөн жерге жиберүүгө каршы. Андыктан Макрон көптөрдү чатактын токтошун жана сүйлөшүүлөрдүн башталышын жактап жаткандардын тарабына түрттү. Президенттин айткандарынын кесепети муну ого бетер күчөтүп жаткандарга электрошок катары болду", — деген саясатчы.
26-февралда Парижде француз лидеринин демилгеси менен Киевге колдоо көрсөтүү боюнча конференция өткөн. Ага Германия, Улуу Британия, Польша, Дания, Нидерланддар баш болгон өлкөлөрдүн лидерлери катышкан. Евробиримдик Украинага орто жана алыска атылуучу ракеталарын жөнөтүү үчүн "тогузунчу коалиция" түзүлгөнүн билдирген. Жыйындын соңунда Макрон Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери аскер жөнөтүүнү талкуулап, бирок бир пикирге келе электигин айткан эле.
Франция лидеринин айткандарына НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ичинен бир катарлары дароо реакция кылган.
Макрондун билдирүүсүнөн кийин дароо эле Германиянын канцлери Олаф Шольц менен коргоо министи Борис Писториус Германия Украинага аскер жөнөтпөй турганын, НАТО мамлекеттеринин дегеле андай ою жок экенин билдиришкен. Мындан тышкары, канцлер Украинага Taurus ракеталарын жөнөтүү да пландалбаганын кошумчалаган.
Андан сырткары, анын өлкөсүндөгү бир топ ири партиялардын өкүлдөрү да бул мааниси жок кадам болуп калганын белгилешкен.
Макрондун сөзүнө комментарий берген Кремль окуянын мындай ыргакта өнүгүшү Россия менен НАТОнун түзмө-түз аскердик кагылышуусуна алып келерин эскерткен. Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков "кайсы бир контингенттин Украинага жөнөтүлүшүн" такуулаган фактынын өзү жаңы нерсе болуп жатканын белгилеген. Россия ТИМи Батыштын аскерлеринин Украинадагы чатакка катышуусун Москва эскалация катары кабылдай турганын билдирген. Муну менен катар эле Федерация кеңешинин төрагасынын орун басары Константин Косачев Европа мамлекеттеринин контингенти Россия армиясынын бутасына айланып каларын айткан.
 Франциянын президенти Эммануэль Макрон  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык мурдагы чалгынчы: Макрон АКШны Россия менен согушка тартып жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0