Камчы Көлбаевдин иниси Дзюдо федерациясынан кетип, ордуна Конгантиев келди

© Фото / пресс-служба Федерации дзюдо КРДзюдо боюнча улуттук федерациянын жетекчиси Жолдошбек Көлбаев. Архив
Дзюдо боюнча улуттук федерациянын жетекчиси Жолдошбек Көлбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Жазылуу
Куванычбек Конгантиев — дзюдо жана самбо боюнча спорт чебери.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жолдошбек Көлбаев Дзюдо боюнча улуттук федерациянын жетекчилик кызматынан өз каалоосу менен кетип, анын мындай чечимин башкаруу комитети канааттандырды. Бул тууралуу федерациянын маалымат кызматы кабарлады.
© Sputnik / Табылды КадырбековКуванычбек Конгантиев
Первая сессия нового состава Бишкекского горкенеша - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Куванычбек Конгантиев
Белгилүү болгондой, Көлбаевдин арызы 6-мартта каралган.
Эске салсак, Жолдошбек Көлбаев Дзюдо федерациясына 2016-жылы президент болуп дайындалып (ага чейин вице-президент болчу), 2020-жылдын декабрь айында төрт жылга кайра шайланган. Мындан тышкары, ал 2019-жылы Азия боюнча дзюдо биримдигинин вице-президенти болуп, 2023-жылы кайра шайланган.
Белгилей кетсек, ал — жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин бир тууган иниси.
Жолдошбек Көлбаевдин ордуна Дзюдо федерациясына Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев келгени айтылды. Ал олимпиадалык цикл аяктаганга чейин Дзюдо боюнча улуттук федерациянын президентинин милдетин аткарып турмакчы.
Куванычбек Конгантиев — дзюдо жана самбо боюнча спорт чебери.
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2023
Дзюдочу Эрлан Шеровго Бишкектен эки бөлмөлүү батир берилери айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0