Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын диверсанттары Курск облусуна кирүүгө аракет кылышты

© AP Photo / Efrem LukatskyУкраиналык аскерлер. Архив
Украиналык аскерлер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Жазылуу
Коргоо министрлиги абадан коргонуу системалары Украинанын учак түрүндөгү 25 дронун жок кылганын билдирди.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Украинанын диверсанттары Россиянын Курск облусунун аймагына кирүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу РИА Новости аталган облустун губернатору Роман Старовойтко таянып кабарлады.
"Атышуу Глушков районундагы Теткино калктуу конушунда эртең менен эле башталган. Диверсанттар кирүүгө аракет кылып, аларды токтотуу үчүн атышуу болду", — деди Старовойт.
Глушков району — Курск облусунун чек арада жайгашкан алты районунун бири. Аталган конуш Украина тараптын ок атууларына көбүрөөк дуушар болот.
Өткөн түнү украин аскерлери Россиянын объектилерине массалык чабуул жасоого аракеттенген. Бирок Коргоо министрлиги абадан коргонуу системалары Украинанын учак түрүндөгү 25 дронун жок кылганын билдирди. Нижний Новгород облусунун губернатору Глеб Никитиндин айтымында, дрон чабуулунан Кстово өнөр жай аймагында мунай иштеткен жай күйүп кеткен.
Ошондой эле Белгород облусунун үстүнөн RM-70 Vampire MLRS үлгүсүндөгү сегиз ракета жана бир "Точка-У" үлгүсүндөгү бир тактикалык ракета атып түшүрүлгөнү кошумчаланды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский: Украинага Франциянын аскерлеринин кереги жок
Жаңылыктар түрмөгү
0