Сомнолог: кечке маал бир чырм этип алуу түнкү уйкуну бузат

© Фото / Unsplash / Isabella FischerЖаздыктын астында уктап жаткан кыз. Архив
Жаздыктын астында уктап жаткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Жазылуу
Өзгөчө түн уйкусу качып кыйналгандар жатканга чейин ара-чолодо кыска убакыт уктап алуудан алыс болушу керек.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кечкисин айрымдар кыска убакытка чырм этип алууга көнүшкөн, бирок мындай абал түнкү уйкуну бузат. Бул тууралуу сомнолог Роман Бузунов Sputnik радиосуна курган маегинде айтты.
Адис белгилегендей, кечинде ара-чолодо 10-15 мүнөт уктап алган адам бир нече саатка жете турган энергия алат.
"Түнү төшөккө жатканга чейин ыңгайсыз абалда, отурган тейде көзү илинип кеткендер бар. Алардын көбүнүн түнкү уйкусу качып кыйналышат. Көбүнчө улгайган адамдар кечки тамактан кийин атайын уктоочу бөлмөгө жетпей эле бир жерге отуруп уктап алышат. Күндүзгү 10-15 мүнөттүк уйку адамга бир нече саатка күч бергендей эле, кечки чырм этүү да бир нече саатка жете турган энергия берет", – деген Бузунов.
Сомнолог өзгөчө уйкусуздуктан жабыркагандар чырм этип алуудан алыс болушу керектигин эскерткен. Мындай адамдарга уйкусу катуу келгенге чейин такыр уктабай жүрүү сунушталат.
"Түн уйкусу качып кыйналгандар күндүз канчалык каалап турушса да уктабай жүргөнү жакшы. Ошондо түнкү уйкусу тынч болот. Кечке маал бир убак уктап алуудан алыс болуу үчүн үй жумуштарына алаксыган туура. Күндүз уйкусу келе бергендер активдүү кыймылдап же мээге күч келе тургандай жумуштарды аткарышы керек. Кечки сейилдөө да түнкү уйкунун жакшы болушун шарттайт", – деген Бузунов.
Уйкусуздуктан кыйналган аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023
Адис 40 жаштан өткөндөн кийинки уйкусуздуктун кесепетин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0