Мэрия башкы аянттагы тууну 100 метрге чейин бийиктетүүнү көздөп жатат

© Фото / пресс-служба кабмина КРБишкектеги Ала-Тоо аянтындагы флагшток. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы флагшток. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Жазылуу
Ал эми желектин эни Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына байланыштуу 33 метр болору айтылды.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Мэрия "Ала-Тоо" аянтындагы тууну 100 метрге чейин бийиктетүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын начальниги Урмат Карыбаев "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, тууну бийиктетүү демилгеси Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесинин алкагында көтөрүлгөн.
Белгилей кетсек, азыркы туунун бийиктиги 45 метр. Мааракелик майрамга карата туу дагы 55 метрге узартылып, 100 метр болмокчу.
Ал эми желектин эни Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына байланыштуу 33 метр болору айтылды.
Скамейканын жанында турган күрөктөр. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2024
Бишкекти көрктөндүрүп, жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0