Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Усубалиев бейөкмөт уюмдар менен иштешүүдө Өзбекстандын тажрыйбасын сунуштады

© Sputnik / Акбар АкжигитовЭл аралык маселелер боюнча эксперт Эсен Усубалиев
Эл аралык маселелер боюнча эксперт Эсен Усубалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Жазылуу
Адис Өзбекстанда өкмөт уруксат бермейин грант алуу мүмкүн эместигин белгилеген.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстан бейөкмөт уюмдар менен иштешүүдө Өзбекстандын тажрыйбасын колдонсо болот. Бул тууралуу эл аралык маселелер боюнча эксперт Эсен Усубалиев Sputnik Кыргызстан агенттиги уюштурган "КМШ өлкөлөрүндө бейөкмөт уюмдардын ишин эмнеге жөнгө салуу керек" аттуу видеоконференцияда билдирди.
Адис буга чейин Жогорку Кеңеште экинчи окууда кабыл алынган бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча пикирин айткан.

"Менин билишимче, Өзбекстанда өкмөт уруксат бермейин, грант алуу мүмкүн эмес. Сырттан келген жардам, бардык бейөкмөт уюмдар бул процедурадан өтөт. Мындан сырткары, алар гранттарды мамлекеттик уюмдар менен өнөктөштүктө ишке ашырышат. Ошондуктан биз дагы Өзбекстандын бул тажрыйбасын кененирээк, тереңирээк изилдеп көрүшүбүз керек. Өзбекстан Батыш уюмдары менен инвесторлордун көңүлүн 2016-жылдан бери өзүнө буруп жатканын эске алыш керек", — деген Усубалиев.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырып, президент Садыр Жапаров документ Кыргызстанда иштеген бейөкмөт же коммерциялык эмес уюмдардын ишин ачык-айкын кылуу жана тартипке келтирүү максатында иштелип чыкканын билдирген.
Кыргызстандын жана АКШнын желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Пресс-борбор
Эксперт: бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам кабыл алынса АКШ кысым көрсөтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0