Бишкектин Кара-Жыгач, Алтын-Ордо конуштарында суу өчүрүлөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовСуу толтурулган челектер. Архив
Суу толтурулган челектер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Жазылуу
"Бишкек суу канал" башкармалыгы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, конуш тургундарын сууну эртелеп камдап алууга чакырды.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. 14-мартта Бишкектеги Алтын-Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы аймактарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, саат 9:00дөн 18:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү менен чектелген аймактарда суу өчүрүлмөкчү.
"Эртең "Контррезервуар" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүрөт", — деп жазылат кабарда.
"Бишкек суу канал" башкармалыгы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, сууну эртелеп камдап алууга чакырды.
Бишкекте 20 күндөн кийин жаңы эвакуаторлор ишке кирет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2024
Бишкекте 20 күндөн кийин жаңы эвакуаторлор ишке кирет. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0