Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Путин Украинанын Россияга чабуул жасоо аракетинин себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Антон Вергун / Медиабанкка өтүүУкраинанын куралдуу күчтөрүнүн Белгороддун борборун аткылоосунун кесепеттери. Архив
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Белгороддун борборун аткылоосунун кесепеттери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Украина Россиянын аймактарына шайлоону үзгүлтүккө учуратып, жок эле дегенде жарандардын эркин билдирүү процессине кийлигишүү максатында чабуул жасоого аракет кылып жатат. Бул тууралуу Владимир Путин Дмитрий Киселевго берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Украина согуш талаасында ийгиликке жетпеген ызасынан улам өзүн бир жерден көрсөтүш үчүн да кол салууда.
"Ошентсе дагы алардын чабуул жасоо аракетинин башкы максаты — Россиядагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учурата албаса дагы элдин добуш берүү процессине жолтоо болуу. Бул бир. Экинчиси — маалыматтык эффект", — деген ал.
Россия лидери алдыда болуп калчу сүйлөшүү процессинде Украина бийлиги кандайдыр бир артыкчылык берген илинчекке ээ болуу үчүн чабуул жасоого аракет кылып жатканын кошумчалаган.
Өткөн түнү украин аскерлери Россиянын объектилерине массалык чабуул жасоого аракеттенген. Бирок Коргоо министрлиги абадан коргонуу системалары Украинанын учак түрүндөгү 25 дронун жок кылганын билдирди. Белгород облусунун үстүнөн RM-70 Vampire MLRS үлгүсүндөгү сегиз ракета жана "Точка-У" үлгүсүндөгү бир тактикалык ракета атып түшүрүлгөн.
Москвадагы Чоң Кремль сарайы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Путин: Москва америкалыктар тандаган президент менен иштешүүгө даяр
Жаңылыктар түрмөгү
0