1-апрелге чейин өлкөдө күйүүчү майдын баасы өзгөрбөй турганы айтылды

© AFP / PHILIPPE HUGUENКүйүүчү май куюучу жайдагы айдоочу. Архив
Күйүүчү май куюучу жайдагы айдоочу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Жазылуу
Бийлик марттын башынан тарта АИ-92 бензини менен дизель 0,7 сомго кымбаттаганын белгилеген.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 1-апрелге чейин күйүүчү жана майлоочу майлардын баасы өзгөрбөй турганын Монополияны жөнгө салуу кызматы нефтетрейдерлерге таянып кабарлады.
"Тышкы факторлордон улам" марттан тарта АИ-92 бензини менен дизелдин баасы 0,7 сомго көтөрүлгөнү айтылган.
"Нефтерейдерлер берген маалыматка ылайык, күйүүчү жана майлоочу майлардын баасы 1-апрелге чейин азыркыдай боюнча калат", — деп кошумчалашты аталган кызматтан.
 Күйүүчү май. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2024
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы эмнеге көтөрүлүп жатканы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0