Жогорку Кеңеш бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү мыйзам долбоорун кабыл алды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Жазылуу
Мыйзам өлкө башчы кол койгондон кийин күчүнө кирет.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеш бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.
Аталган демилгеге 66 депутат "макул", бешөө "каршы" добуш берген.
Муну менен мыйзам президенттин кароосуна жөнөтүлдү, өлкө башчы кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Долбоор боюнча "чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм" түшүнүгү киргизилет. Тагыраагы, сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдарды "чет элдик агент" деп аташат. Алгач мыйзам бузгандарды 5-10 жылга эркинен ажыратуу жазасы сунушталган, кийин ал норма такыр алып салынды.
Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Садыр Жапаровго кат жолдоп, бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам кирип жатканына тынчсыздануусун билдирген. Президент ага берген жообунда Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырган.
Журналист ноутбук менен иштеп турган учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Гранттардан көз каранды "эркин" ЖМКлар. Булардын милдети эмне?
Жаңылыктар түрмөгү
0