Экологиянын бузулушунан улам бронхиалдык астма оорусу күчөдү. Маек

© Фото / Sincerely MediaӨпкө орууларын дарылоочу аппараты. Архивдик сүрөт
Өпкө орууларын дарылоочу аппараты. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Жазылуу
Дарыгерлер акыркы учурда Кыргызстанда бронх астмасы менен жабыркагандардын саны өскөнүн айтып жатышат. Буга экологиянын бузулушу башкы себеп экенин айткан адистер илдетке олуттуу мамиле жасоо керектигин белгилешүүдө.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда аллерголог-терапевт Арууке Мавланбекова болуп, бронхиалдык астма оорусу жана аны алдын алуунун жолдору тууралуу маек курду.
— Алгач астма оорусунун белгилери тууралуу айтып берсеңиз?
— Бронхиалдык астма — бул өпкө оорусу. Акыркы учурда Кыргызстанда өтө актуалдуу болуп бара жатат. Себеби экология бузулду. Бронх астмасы башка ооруларга да өзүнүн таасирин тийгизет. Өпкөдөгү жумшак түтүктөрдүн астмасы дем алганда аба жетишпегендей сезим жаратат. Азыр улгайгандар эле эмес, жаш балдар да ооруп жатат.
— Белгилери кандай?
— Алгач бейтапта кургак жөтөл пайда болот. Тамагы кычышып, кыйылдап, дем алганда аба жетишпегенсип кыйналат. Ар кимде ар кандай. Айрымдарда оорунун белгилери тез-тез кайталанса, кээ бирлеринде татаал жана ар кандай симптомдор болушу мүмкүн. Анткени астма менен аллергия түз байланышта. Мында да аллергиянын белгилери кездешет. Бирок экөө эки башка оору. Ошол эле маалда экөө бири-бирине абдан жакын. Бронхиалдык астма башында аллергия катары башталышы мүмкүн. Бирок аллергиянын баары эле астмага айланат деген туура эмес. Бул анын табиятына жараша. Аллергия — системалуу оору. Ал эми бронхиалдык астма өпкөгө гана тийиштүү.
— Учурда бронхиалдык астма менен жаш балдар да ооруп жатканын айттыңыз?
— Ооба, 16-17 жаш куракта да оорушат. Бул дарт бардык куракта пайда болуп кетиши мүмкүн. Эч жери оорубай жүрүп 30 жашта да ооруп калышы ыктымал. Эгер ата-энесинин биринде бронхиалдык астма же астманын башка түрү болсо балдарында да кездешиши мүмкүн. Бронхиалдык астмага жооп берүүчү 100дөн ашык ген бар, ал тукум кууйт. Муну өзгөртө албайбыз. Аталган илдетти козгой турган башка себептерди да басаңдатууга мүмкүнчүлүк бар. Мунун арты менен оору жеңилирээк өтөт.
© Sputnik / Асель СыдыковаАллерголог-терапевт Арууке Мавланбекова
Аллерголог-терапевт Арууке Мавланбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Аллерголог-терапевт Арууке Мавланбекова
— Тукум куучулук фактордон тышкары бала кайсы учурда мындай ооруга чалдыгып калышы мүмкүн?
— Негизи муздак суу ичпегиле дейбиз, бирок суунун чоңдорго эле эмес, жаш балдарга да пайдасы бар. Балдар риновирустарга чалдыгары менен бронхиалдык астмага өтүп кетет деген болбогон кеп. Негизи тукум куучулук фактор күчтүүлүк кылат.
— Оорунун эволюциясы тууралуу айтсаңыз?
— Бронхиалдык астма оорунун деңгээлине жараша үчкө бөлүнөт. Жеңил, орто жана оор түрү бар. Жеңил түрүндө оорунун өрчүп кеткени чанда. Ал эми орто жана оор түрүндө кадимкидей дем алуу кыйындап, өпкөнү бир нерсе кысып жаткандай сезим болушу мүмкүн. Муну кантип алдын алууга болот? Көбү астманын жеңил түрүн тоготпой, "бул өтө деле кооптуу эмес" деп ойлошот. Бирок ушул үчөө тең абдан коркунучтуу. Жеңил түрү деле аллергиялык реакция өңдүү симптомдорго кабылышы мүмкүн. Айрым учурда жакшы эмес натыйжаларга кептеши ыктымал. Бронхиалдык астманы шарттуу түрдө гана дарылоо процессине карап бөлүп койгонбуз. Бейтаптар буга олуттуу мамиле жасашы керек.
— Кургак учук, эмфизема жана бронхит оорулары менен болгон байланышы тууралуу айтып берсеңиз?
— Бул үчөө тең үч башка оору, бирок бронхиалдык астмага таасир этишет. Мисалы, кургак учук инфекциялык жугуштуу оору, азыр бул дарт боюнча өлкөдө абал курч. Себеби дары-дармек жетиштүү болгону менен антибиотиктерге туруктуулук жаралып калган. Башкача айтканда, бейтаптын организми антибиотиктерди тоготпой калган. Ал эми эмфизема такыр башка оору, бул өнөкөт дарт. Мында өпкө сыртынан шишигендей көрүнүп, дем алууда кыйынчылык жаралып, тынымсыз жөтөл коштойт. Бронхит жогорудагы үч оорунун ичинен эң көп кездешкен оору. Башкача айтканда, дем алуу жолдорунун сезгениши болуп эсептелинет.
Мавланбекова: кыргызстандыктар астма менен көп ооруй баштады
— Бронхиалдык астманы дарылап, оорудан сакаюуга болобу?
— Дарылар узак убакытка же кыска убакытка берилет. Ар биринин колдонулушу врач тарабынан аныкталат. Негизинен бейтап өзүн дайыма көзөмөлдөп, убагы менен дарыланып, дарысын алып турушу керек. Ошону менен катар ооруну басаңдатып, чылым чегүү өңдүү жаман адаттардан арылуу зарыл. Экинчиден, экология, биз дем алып жаткан аба таза болушу зарыл. Анткени ыш, чаң оорунун өрчүп кетишин шарттайт. Муну менен катар үйдөгү аллергендерди да азайтуу кажет. Үйдү тазалап, жууп туруу маанилүү. Ошондой эле ашыкча салмак да зыян. Өтө жаш куракта төрөө жана баланын салмагынын аздыгы да фактор болуп калышы мүмкүн. Жогорудагылар тобокел тобуна кирип калат.
— Аял менен эркектин ооруга кабылууда айырмасы барбы?
— Бронхиалдык астма аял менен эркекке бирдей эле таасирин тийгизет. Айырмасы жок. Болгону эркектер чылымды көп чегет, ден соолугуна кайдыгер мамиле жасашат. Ал эми аялдар өзүнө бир аз кам көрүп, дарыгерге көрүнүп турат. Пандемиядан кийин медицинада "COVID синдрому" деген термин пайда болду. Коронавирус бардык органдарга, алардын арасында өпкөгө да таасир этти. Азыркы оорулар мурдагыдай эмес, бир аз оор өтөт. Буга кошумча, ооругандардын саны да көбөйүп кетти. Пандемиядан кийин бронхиалдык астмага кабылган бейтаптарды дарылоо иши да кыйынчылык жаратууда. Бул дарт жүрөк ооруларына, ошол эле учурда кол-буттун, муундардын оорушуна да таасирин тийгизет.
— Көп оорулардан сакаюу үчүн кыймыл-аракет, спорт маанилүү экенин айтышат. Бронхиалдык астмадачы?
— Көп ооруларга спорт жардам берет. Алардын катарында бронхиалдык астма да бар. Бирок астманын айрым түрлөрүндө кээ бир спорттук көнүгүүлөр зыян. Ошол себептен алгач дарыгер менен кеңешип алган оң. Азыр абаны нымдаштыруучу ар кандай аппараттар бар. Анын пайдасы абдан чоң. Үйдө нымдуулукту көбүрөөк сактоо керек.
Бишкек шаардык №19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Үмүт Саипова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Дарыгер Үмүт Саипова: гепатиттин жаңы F жана G түрү аныкталууда
Жаңылыктар түрмөгү
0