"Газпром Кыргызстан" иштегенден бери газдаштыруунун деңгээли 2 эсе өстү

© Фото / пресс-служба компанииБишкек шаарындагы жаңы конуштарын газдаштыруу. Архив
Бишкек шаарындагы жаңы конуштарын газдаштыруу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Жазылуу
Өлкөдөгү ондогон калктуу конуш газга туташкан.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы иштегенден бери өлкөдө газдаштыруунун деңгээли эки эсе жогорулады. Бул тууралуу аталган компаниянын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров брифингде билдирди.
Ал "Газпром Кыргызстан" Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык макулдашуусунун негизинде 2014-жылдан бери иштеп келерин эске салды.
Алдаяров бул убакыт аралыгында жасалган жумуштарды тизмектеп берген:
өлкөдө газ сатуу көлөмү 220 миллион куб метрден 430-440-миллионго чыгып эки эсеге көбөйдү. Керектөөсүн 2-2,5 миллиард куб метрге чейин көбөйтүүнү пландап жаткан долбоорлор бар;
60 миллион долларлык карыз бир нече жылдын ичинде жоюлду;
өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында беш жыл ичинде 20 миллиард сомдон кем эмес каражатты инвестициялоо тапшырмасы коюлган. Милдеттер аткарылды, бүгүнкү күндө инвестициянын жалпы баасы 32 миллиард сомду түзөт;
газдаштыруунун деңгээли дээрлик эки эсе өсүп, 22 пайыздан 40 пайызга чыкты.
Башкы директордун ремонт жана капиталдык курулуш боюнча дагы бир орун басары Мурат Сулаймановдун айтымында, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы 2016-жылдан бери региондорду газдаштыруу боюнча иш жүргүзүп келет. Бул убакыт аралыгында 1 250 чакырымдык газ бөлүштүрүүчү түйүндөр курулуп, 270 миң киши жашаган 53 калктуу конуш газга кошулган.
Сулайманов план боюнча былтыр үч калктуу конуш газдаштырылышы керек болсо, иш жүзүндө 12 конуш көгүлтүр отко туташканын кошумчалап, быйыл мындай аракеттер улантыларын белгиледи.
Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Кийинки жылы Бишкектеги ТЭЦ толугу менен газга өтүшү мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0