Ош округу боюнча бир мандаттуу депутатты мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоочу ЖКга шайлоодо добуш берүү учурунда. Архив
Шайлоочу ЖКга шайлоодо добуш берүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Ош шайлоо округу боюнча бир мандаттуу депутатты мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Шайлоо 28-апрелде өтөт.
Кечээ Борбордук шайлоо комиссиясы ордун тапшыруу боюнча арыз жазган Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновду мандатынан ажыраткан. Февраль айынын аягында Осмонов өргүүгө чыгып, Түркияга дарыланууга кеткен.
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2024
Шайлообек Атазов депутаттык мандатынан кол жууду
Жаңылыктар түрмөгү
0