Жогорку ылдамдыкта жүрүүчү Москва — Петербург поезд жолу курулат

© Sputnik / POOL / Александр РюминЖогорку ылдамдыктагы электр поездинин модели. Архив
Жогорку ылдамдыктагы электр поездинин модели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Жазылуу
Эки шаарды байланыштырган ылдам жүрүүчү поезддер үчүн темир жол курулуп бүтсө жолдо жүрүү убактысы 2 саат 15 мүнөткө кыскарат.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин жогорку ылдамдыкта жүрүүчү Москва — Петербург поезд жолун курууга старт берди. Маалыматты РИА Новости жазды.
Эки шаарды байланыштырган темир жол курулуп бүтсө жолдо жүрүү убактысы 2 саат 15 мүнөткө кыскарат.
Мындай поезддердин ылдамдыгы саатына 400 чакырымга жетерин өлкөнүн Темир жол ишканасынын башчысы Олег Белозеров билдирген.
Алгачкы поездди куроо 2026-жылга пландалган. 2027-жылы куралып бүтүп, 2028-жылы шайкештик сертификатын алуу пландалды.
Москва шаары менен Петербургду байланыштырган магистраль сынамык долбоор болот, учурда Россияда мындай жолдор жок. Келечекте ушундай жолдордун тармагын түзүү талкууланууда. Темир жолду курууга 35 миллиард рубль сарпталары белгиленди.
Россия президенти Владимир Путин Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын жабылуу салтанатында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2024
Путин: Россияда дүйнө жаштарынын шаарын түзө алдык
Жаңылыктар түрмөгү
0