16-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын көчөлрүнүн бири. Архив
Бишкек шаарынын көчөлрүнүн бири. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Жазылуу
Тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу бар. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ишемби күнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Республиканын калган региондорунда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 4...9, Ош, Жалал-Абад облустарында 11...16, Баткенде 10...15, Талас жергесинде 3...8, Ысык-Көл чөлкөмүндө 1...6, Нарын аймагында -2...3 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында 7...9 жана Ош калаасында 14...16 градуска чейин жетет.
Смог над Бишкеком. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Кыргызстан абаны жакшыртуу багытында 50 млн. доллар насыя алууда
Жаңылыктар түрмөгү
0