Азия MIX командасынын жылдызы Марат Жуманалиевди акыркы сапарга узатышты. Видео

© Sputnik / Акылбек Батырбеков Марат Жуманалиевди акыркы сапарга узатуу
 Марат Жуманалиевди акыркы сапарга узатуу     - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Жазылуу
Таланттуу кыргызстандык менен коштошууга миңден ашык адам келди.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Азия MIX командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев (Маратик) менен коштошуу борбор калаадагы мечиттердин биринде болду.
Аны менен коштошууга миңден ашык адам келди.
 
Эске салсак, ал 14-мартта 43 жашында көз жумган.
Жуманалиев 1981-жылы 8-майда Аламүдүн районунда төрөлгөн. Маектеринде бою 10-класста эле 195 сантиметр болгонун, кийин 2 метр 12 сантиметрге жеткенин айткан.
© Sputnik / Акылбек Батырбеков

Азия Mix командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев (Маратик) менен коштошуу борбор калаадагы мечиттердин биринде болду

Азия Mix командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев (Маратик) менен коштошуу борбор калаадагы мечиттердин биринде болду - Sputnik Кыргызстан
1/2

Азия Mix командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев (Маратик) менен коштошуу борбор калаадагы мечиттердин биринде болду

© Sputnik / Акылбек Батырбеков

Марат Жуманалиев менен коштошууга миңден ашык адам келди

Марат Жуманалиев менен коштошууга миңден ашык адам келди - Sputnik Кыргызстан
2/2

Марат Жуманалиев менен коштошууга миңден ашык адам келди

1/2

Азия Mix командасынын мурдагы оюнчусу Марат Жуманалиев (Маратик) менен коштошуу борбор калаадагы мечиттердин биринде болду

2/2

Марат Жуманалиев менен коштошууга миңден ашык адам келди

Марат спорттун дээрлик бардык түрү менен алектенген. Кезинде белгилүү рэп ырчысы Тиматиге жан сакчы болуп, Николай Валуев жана Владимир Кличко менен спаррингге чыккан. Ал маектеринин биринде КВНде ойноп калам деп эч качан ойлобогондугун айтып берген. Командалашы Элдияр Кененсаров анын боюн Азия MIX командасынын "фишкасы" кыла алган.
Маратик Кыргызстанда жашаган дагестандык кызга үйлөнүп, төрт уул, бир кыздуу болушкан. Соңку жылдары кайрымдуулук менен алектенип, турмуштук сыноого кабылган балдарга боор тартып келген.
Каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн жеткизүү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2024
АКШда каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинди
Жаңылыктар түрмөгү
0