Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Алдыдагы айлар Украинанын тагдырын чечет. Боррелдин билдирүүсү

© AP Photo / Efrem LukatskyАртемовсктун жанындагы турган украиналык аскерлер
Артемовсктун жанындагы турган украиналык аскерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Жазылуу
Россиянын ийгилиги АКШга жана Вашингтон менен Европанын тегерегиндеги союздаштар системасына олуттуу кесепетин тийгизерин айтышкан.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель алдыдагы бир нече ай Украина чатагынын тагдырын чечүүчү мезгилдерден болорун айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Дал ушул жазда, күздүн алдындагы жай мезгилинде... Кезектеги айлар (Украинадагы жаңжал үчүн) чечүүчү учур болот", — деп Боррелдин журналисттерге айтканын Франс Пресс кабарлаган.
Евродипломатиянын башчысы аналитиктерге таянып, жайында "россиялыктардын олуттуу чабуулдары" күтүлүп жатканын билдирген.
"Украина АКШдагы шайлоонун жыйынтыгы чыкканча күтүп отура албайт", — деген Боррель Вашингтонго жасаган сапарынын учурунда.
Ал ошондой эле Россиянын ийгилиги АКШга жана Вашингтон менен Европанын тегерегиндеги союздаштар системасына олуттуу кесепетин тийгизет деп эсептээрин айткан. Мындан ары бир дагы өлкө жаңжал чыккан учурда Кошмо Штаттардын союздаш катары жардамына таяна албастыгын кошумчалаган.
АКШнын Конгресси Өкүлдөр палатасындагы артыкчылык кылган республикачылардын кежеңдегенинен улам Ак үйдүн Украинага жардам катары сураган 60 миллиард долларды бере албай жатат. Буга чейин бөлүнгөн акча өткөн жылдын декабрында түгөнгөн, Украинага берилет деп айтылган аскердик жардам пакетинин бөлүгү да жогоруда сөз болгон келишимдин алкагында берилмек.
Американын мурдагы лидери, күздө болчу АКШ президентинин шайлоосундагы негизги талапкер Дональд Трамп АКШны кредиттик карызга батырып чет мамлекеттерге жардамды бекер көрсөтө берүүнү токтотууну сунуш кылган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Зеленский Украинадан качан качышы мүмкүндүгүн айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0