Россия президентин шайлоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Россия президентин шайлоо
Федерация кеңеши (парламенттин төмөнкү палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындаган. Чечимдин кабыл алынышы шайлоо өнөктүгүн баштоого да жол ачат.

Шайлоону үзгүлтүккө учуратуу. Путин Киевдин чабуулдарынын максатын айтты

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйын өткөздү
Россия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйын өткөздү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Жазылуу
Россияда ушу тапта президенттик шайлоо өтүп жатат.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйын куруп жатып Киев режиминин РФ аймактарына чабуул жасоо аракеттерин акылга сыйгыс жана кылмыштуу кадам деп атады.
Өлкө башчы Россиянын чет жакасына бир катар диверсиялык-террордук чабуул жасалганын, мунун баары президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатын көздөй турганын белгилеген.
"Кимди коркуткусу бар? Орус элинби? Россиянын көп улуттуу калкынбы? Эч убакта мындай болгон эмес, болбойт дагы", — деди Путин.
РФ лидери каршылаш тарап акыркы чабуулунда 2,5 миңден ашуун аскер, 35 танк, 40ка чукул сооттолгон автоунаа колдонгонун белгиледи. Путиндин айтымында, душмандын мизи бардык жерде майтарылып, өздүк курамдын 60 пайызын жоготуп, техниканын жарымынан кол жууган.
"Элибиз азыркыдан да бекем бир муштумга түйүлүп жооп берерине ишенем", — деди мамлекет жетекчиси.
РФ президенти Владимир Путин журналист Дмитрий Киселевго берген маек учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Путин: Россиянын өзөктүк дарамети башкалардыкына салыштырмалуу күчтүү
Жаңылыктар түрмөгү
0