Россия президентин шайлоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Россия президентин шайлоо
Федерация кеңеши (парламенттин төмөнкү палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындаган. Чечимдин кабыл алынышы шайлоо өнөктүгүн баштоого да жол ачат.

Россияда президентти шайлоо үчүн добуш берүү башталды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүРоссиянын президентин шайлоо үчүн добуш берүү башталды
Россиянын президентин шайлоо үчүн добуш берүү башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Жазылуу
РФтин Баш мыйзамына ылайык, Россиянын жетекчиси алты жылга шайланат.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россиянын президентин шайлоо үчүн добуш берүү бүгүн, 15-мартта, башталды. Бул саясий өнөктүк үч күнгө созулуп, 17-март шайлоонун негизги күнү деп эсептелет.
РФтин Баш мыйзамына ылайык, Россиянын президенти алты жылга шайланат.
Федерация кеңеши (Россиянын жогорку палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына белгилеген. Добуш берүү үч күн — 15, 16 жана 17-мартта болорун жогоруда жаздык. Бул — аталган өлкөнүн тарыхында бир нече күндүк добуш берүүнүн форматы менен өтүп жаткан туңгуч саясий өнөктүк.
РФтин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилованын айтымында, мындай чечим жарандардын өздөрүнүн суроосунан улам кабыл алынган. Бир нече күн добуш берүү эл үчүн ыңгайлуу практика деп саналат. Президенттик шайлоону өткөрүү үчүн БШК 33,2 миллиард рубль алган.
Россияны жетектөөгө төрт талапкер аттанган. Алар: Леонид Слуцкий, Николай Харитонов, Владислав Даванков жана Владимир Путин.
Шайлоо тилкелери өлкө боюнча добуш берүүнүн биринчи күнү — 15-мартта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 8.00дө ачылды. Алар саат 20:00гө чейин иштейт.
Бул күндөрү Россияда эл 94 миңден ашуун шайлоо участокторунда президентин тандоо үчүн добушун берет.
Кыргызстанда да шайлоого карата төрт участок иштейт.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2024
Россия президентин шайлоо
Ар бир добуш баалуу, маанилүү. Путин алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0