Сагызды 10 мүнөттөн ашык чайноо жаак муундары менен тишти бузат

© Фото / Unsplash / Quinten de GraafСагыз чайнап жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт
Сагыз чайнап жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2024
Жазылуу
Дарыгер сагызды чектен ашырбай чайноо гана пайдалуу экенин белгилеген.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Сагыз ооз көңдөйүн тазалап, андагы жагымсыз жытты кетирет, тамак сиңирүүнү жакшыртып, стресстен арылтат. Бирок аны көпкө чейин чайнаганда жаак муундары менен тишти жабыркатат. Бул тууралуу терапевт, гастроэнтеролог Александра Разаренова Sputnik радиосуна курган маегинде айтты.
"Сагызды 7-10 мүнөт эле чайноо керек. Сааттап чайнап жүрө бергенде жаак булчуңдары катуу чыңалып ооруй баштайт, андан соң баш оорушу мүмкүн. Сагызды тынбай көпкө чайнаганды адат кылгандарда жаактын ылдыйкы бөлүгүндөгү муундар бузулат. Мындан тышкары, тиштердин эмалына зыян, алардын кыйшайып кетишине да алып келет", – деген Разаренова.
Адис сагызды чектен аша чайнагандык тамак сиңирүү системасына да терс таасир берерин белгиледи. Айтымында, мындайда ашказандан суюктук көп бөлүнүп чыга баштайт, андагы кычкылдуулук арткан сайын анын былжыр чели сезгенет. Разаренова сагызды 10 мүнөттөн ашыра чайноо ооз көңдөйүндөгү былжыр челди да жабыркатышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Стоматолог иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2022
Ооздогу жагымсыз жыттын себебин дарыгер түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0