Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сулайманов: апрель айында Бишкекте ири текстиль форуму өтөт

© Sputnik / Асель СыдыковаСоода-өнөр жай палатасынын тигүү, өнөр жай боюнча комитетинин жетекчиси жана Мода, текстиль ассоциациясынын төрагасы Зафарбек Сулайманов
Соода-өнөр жай палатасынын тигүү, өнөр жай боюнча комитетинин жетекчиси жана Мода, текстиль ассоциациясынын төрагасы Зафарбек Сулайманов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын тигүү, өнөр жай боюнча комитетинин жетекчиси жана Мода, текстиль ассоциациясынын төрагасы Зафарбек Сулайманов үстүбүздөгү жылдын апрель айында өлкөдө жеңил өнөр жай багытында ири форум уюштуруларын айтты.
20-22-апрель аралыгында Бишкек шаарында текстиль форуму өтөт. Анын алкагында көргөзмө уюштурулат. Бул тууралуу Зафарбек Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Сулайманов: апрель айында Бишкекте ири текстиль форуму өтөт
Анын айтымында, форумга 15-20 өлкөдөн катышуучулар келиши күтүлүүдө.

"Кыргызстандын жайгашкан аймагынын ыңгайлуулугунан улам жеңил өнөр жай багытында эл аралык деңгээлде жакшы бир позицияны кармап калуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн дүйнөгө өзүбүздү, потенциалыбызды көрсөтүшүбүз керек. Ушул максатта ар жыл сайын биздин тикмечилик өнөрдү жайылталы деп форум уюштуруп келебиз. Быйыл иш-чара апрель айында Бишкек шаарында өтөт. Аны уюштурууга министрлер кабинетинен тарта тиешелүү мамлекеттик ведомстволорго чейин күч жумшоодо. Биз Тышкы иштер министрлиги жана өзүбүздүн каналдар аркылуу катышуучуларды чакырып жатабыз. 300дөй ири компанияны алып келип, биздин ишканалар менен тааныштырсак деген ниетибиз бар. Ал компаниялардын келген-кеткен чыгымын өзүбүз көтөрөбүз. Бир гана талап — ишкананын 100 миллион рублден ашык жүгүрткөн акчасы болушу зарыл. Эмнеге рубль, анткени кардарларыбыздын, форумга катышууну каалагандардын көпчүлүгү россиялыктар. Мына ушул кардарлар менен таанышып, келишим түзүп, келечекте иштешип калуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт", — деди Сулайманов.

Ал каражат маселесинде көмөк көрсөтүүчү программаларын сунуштаган ортомчу банк өкүлдөрү да форумга катышарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0