Балдар үйүнөн чыгып миллионер болгон. Ишкердин маеги

Жазылуу
Бишкекте япон ашканасына таандык суши жана роллы жасап саткан белгилүү компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Бакыт Ережепов Sputnik агенттигине интервью берди.
Ал бизнести кичинекейинен бирге окуп өскөн досу менен ачканын, учурда Бишкек шаарында 5 филиалы бар экенин айтты.

"Адам баласы өзүнүн ниетине, тилегине ишениши керек. Биз буга үлгүбүз. Дос балам экөөбүз кичинекей күркөдөн баштап, азыр Кыргызстандагы алдыңкы компаниялардын бирине айландык. Көбү айтат "дос менен ишкерлик кылса болбойт, урушуп кетишет" деп. Чынында андай эмес, эки дос бири-биринен калбай тең өнүгүшү керек. Бири өсүп, экинчиси калып кетсе ошондо гана ажыроо болот", - деди Ережепов.

Ишкердин айтымында, балалыгы жеңил өткөн эмес. Ережепов төрт жашка толгондо чоң энеси документтерин алмаштырып балдар үйүнө өткөрүп койгондуктан, апасы таба албай калган. Бирок 10 жыл өткөн соң билим алып, сүйгөн кызына үйлөнүп, апасын таап, ири бизнес курганга жетишкен. Толук маекти видеодон көрүңүз.
Жаңылыктар түрмөгү
0