Ким Чен Ын Путин белек кылган автоунаа менен алгачкы ирет элге чыкты. Видео

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүAURUS маркасынын автоунаасы. Архив
AURUS маркасынын автоунаасы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Жазылуу
РФ лидеринин белеги эки өлкөнүн достугунун бекемдигин далилдейт деп билдирген Борбордук телеграф агенттиги.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) башчысы Ким Чен Ын Россиянын президенти Владимир Путин белек кылган автоунааны биринчи жолу минип чыкты. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги билдирди.
Ким Чен Ын автоунааны "ачык иш-чарага" баруу үчүн колдонгон.
"Жеке унаанын өзгөчө функциялары кынтыксыз жана толугу менен ишенимдүү. Ким Чен Ындын Россия президенти белекке берген жеке автоунаасын колдонуусу корей-орус достугун ачык далилдеп, аны жаңы этапта ар тараптуу бекемделип турарын көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.
Аталган белек үстүбүздөгү жылдын 20-февралында тапшырылган. Аны КЭДРдин Элдик партиясынын борбордук комитетинин катчысы Пак Чон Чхон менен партиянын БКсынын жетекчисинин орун басары, өлкө лидеринин карындашы Ким Ё Чжон кабыл алды. Ал белек эки өлкө башчынын ортосундагы өзгөчө достук мамилени тастыктап турарын белгилеген.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын сентябрында Ким Чен Ындын Россияга болгон сапарынын алкагында Путин ага Aurus көлүгүн көрсөткөн. РФ лидери бир канча жылдан бери ушул лимузинди пайдаланып келет.
Россиянын президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ново-Огаревого келишти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2023
Путин Aurus автоунаасына Мирзиёев менен Токаевди салып айдап... Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0