Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасын талкуулады

© Фото / пресс-служба кабмина КРТашиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасын талкуулады
Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасын талкуулады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Жазылуу
Сүйлөшүүлөр Бустондо өттү.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
© Фото / пресс-служба кабмина КРПереговоры по делимитации кыргызско-таджикской границы
Переговоры по делимитации кыргызско-таджикской границы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Маалыматка караганда, өлкөлөрдүн өкмөттүк делегацияларынын башчылары сүйлөшүүлөрдү Бустондо (Тажикстан) жүргүзгөн. Алар чек араны делимитациялоо маселелерин талкуулап, жумушчу топторго калган тилкелерде чек ара сызыгын аныктоо иштерин улантууну тапшырышты.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнүн Кыргызстандын министрлер кабинети билдирди.
Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселеси талкууланды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2024
Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселеси талкууланды
Жаңылыктар түрмөгү
0