Чолпон-Атада эл аралык Ысык-Көл Run the Silk Road марафону өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЧолпон-Атада эл аралык Ысык-Көл Run the Silk Road марафонунун катышуучулары. Архив
Чолпон-Атада эл аралык Ысык-Көл Run the Silk Road марафонунун катышуучулары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында 4-май күнү Эл аралык Ысык-Көл Run the Silk Road марафону өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Аталган жарышка ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы жөө күлүктөрү жана жеңил атлетика ышкыбоздору катыша алат. Марафондун катышуучулары 42,2, 21,1, 10, 3 чыкырым аралыкка чуркоо жана скандинавиялык басуу боюнча жарышат.
Быйыл 3000ге чукул адам катышары күтүлүүдө. Байге фонду 1,5 миллион сом экени айтылды.
Марафонго катышуу үчүн www. runthesilkroad.com шилтемеси аркылуу катталсаңыз болот.
Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2024
Кыргызстанда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0