КМШнын башкы катчысы Кыргызстан ТИМин 80 жылдыгы менен куттуктады

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев. Архив
КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев Жээнбек Кулубаевге Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата куттуктоо жолдоду. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ал Тышкы иштер министрлиги Кыргыз мамлекетинин калыптанышында баа жеткис роль ойногонун, көз карандысыз өлкө тарыхынын ажырагыс бөлүгү болуп саналарын белгилеген.
"Министрликтин көп жылдык ишмердүүлүгүндө дипломаттар улуттук кызыкчылыктарды коргоп, республиканын позициясын эл аралык деңгээлде бекемдеп, жогорку кесипкөйлүгүн жана өз мекенине берилген кызматын көрсөтүштү. Алардын сиңирген эмгегинин аркасында Кыргыз Республикасы дүйнөлүк аренада көрүнүктүү натыйжаларга жетишип, салттуу байланыштарын сактап калды жана бекемдеди. Ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн жана шериктештердин чөйрөсүн кеңейтип, интеграциялык долбоорлордун демилгелүү катышуучусу болууга жетишти", — деди Лебедев.
Соңунда башкы катчы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги мейкиндигинде өз ара мамилени тереңдетүү аракеттери колдоого алына турганына ишенимин билдирди.
Россиянын Казань шаарында Кыргызстандын консулдугу ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Россиянын Казань шаарында Кыргызстандын консулдугу ачылды. Дарек, телефондору
Жаңылыктар түрмөгү
0