Россия президентин шайлоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Россия президентин шайлоо
Федерация кеңеши (парламенттин төмөнкү палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындаган. Чечимдин кабыл алынышы шайлоо өнөктүгүн баштоого да жол ачат.

Собянин: Россия күчтөрү Москваны көздөй учкан 4 дронду атып түшүрдү

© AFP / SERGEI SUPINSKYДрон. Архив
Дрон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2024
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана жаракат алгандар жок.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Россиянын абадан коргонуу күчтөрү Москвага багытталган учкучсуз аппараттарды атып түшүрдү. Бул туурасында борбор калаа мэри Сергей Собянинге таянуу менен РИА Новости жазды.
Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана жаракат алгандар жок.
Буга чейин Собянин Москваны көздөй учуп келе жаткан үч дрондун — экөө Домодедово шаардык округунда, бирөө Раменское шаардык округунда мизи кайтарылганын билдирген.

"Ступинск округунда Москвага багыт алган дагы бир учкучсуз аппарат абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлдү. Ал түшкөн жерде чачылып кеткен, алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок", — деп айткан мэр.

Ыкчам кызматтар окуя болгон жерде иштеп жатат.
Мурдараак РФ ТИМи киевдик режим Россиядагы президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатканын маалымдаган.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Россия президентин шайлоо
ТИМ: Батыш Россиядагы шайлоодо экстремизмдин белгилерин козгоп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0