Россия президентин шайлоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Россия президентин шайлоо
Федерация кеңеши (парламенттин төмөнкү палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындаган. Чечимдин кабыл алынышы шайлоо өнөктүгүн баштоого да жол ачат.

Кыргызстанда РФ президентин шайлоодо түшкө чейин 4 миңден көп адам добуш берди

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүРоссиянын Бишкектеги элчилигинде президентик шайлоо
Россиянын Бишкектеги элчилигинде президентик шайлоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2024
Жазылуу
Бүгүн өлкө аймагында төрт шайлоо тилкеси ачылган.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Россиянын президентин шайлоого алты саат ичинде Кыргызстандын аймагында 4 миңден ашык адам катышты.
Россиянын Бишкектеги элчилиги саат 14:00гө карата маалымат берди. Анда добуш бергендер:
Бишкекте – 2 250;
Кантта – 1 210;
Ошто – 500;
Караколдо – 377.
Белгилей кетсек, Россияда 15-мартта башталган шайлоо үч күнгө созулууда. Президенттикке Владимир Путин, Леонид Слуцкий, Николай Харитонов жана Владислав Даванков талапкерлигин койгон.
Бүгүн, 17-мартта, саат 08:00дө Кыргызстандын аймагында төрт шайлоо тилкеси ачылды. Алар саат 20:00гө чейин добуш берүүчүлөрдү кабыл алат.
Бишкекте жүздөгөн адамдар Россиядагы президенттик шайлоого келишти. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2024
Россия президентин шайлоо
Бишкекте РФ жарандары Россиядагы президенттик шайлоого добуш беришүүдө. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0