Пара менен кармалган Баткен облусунун башчысынын экс-кеңешчиси абактан чыкты

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРПрезиденттин Баткен облусундагы өкүлүнүн мурдагы кеңешчиси. Архивдик сүрөт
Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн мурдагы кеңешчиси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн мурдагы кеңешчиси абактан бошотулду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактык соттон билдиришти.
Райондук сот акча опузалоого шектелген М. Т. А. аттуу жарандын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Мыйзам боюнча, ал кечки саат 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин үйүнөн чыгууга укугу жок.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын 24-ноябрында УКМК аткаминердин кеңешчисин көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар алып жаткан учурда колго түшүргөн. Маалыматта ал эки шериги менен директорду "Камчыбек Ташиевге арыз жазып, иштетпейбиз" деп коркутканы айтылган.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Бажычы Замирбек Карашев мамлекетке 18,8 млн. сом төлөп абактан чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0