Бир айда 680 миң эркек киши ден соолугун текшертти. Кандай оорулар аныкталган?

© Sputnik / Медиабанкка өтүүДарыгер бейтаптарды кабыл алоо учурунда. Архив
Дарыгер бейтаптарды кабыл алоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Жазылуу
Акциянын алкагында ден соолугун көрсөткөн эркектердин 149 миңи алды-кийин медициналык жайларга барбаганы, айрымдары эки жылдан бери биринчи жолу кайрылганы аныкталган.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 18 жаштан өйдө эркектердин ден соолугун текшерүү боюнча "Жооптуу бол!" бир айлык акциясы жыйынтыкталып, анын алкагында 680 миң киши дарыгерге көрүнгөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Эркектер арасында жугуштуу эмес ооруларды (жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети) алдын алуу, дартты убагында аныктап, дарылоого багытталган саамалык февраль айында өткөрүлгөн. Бул аралыкта 680 миңден ашык киши баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөтүү уюмдарына кайрылган.
"Алардын ичинен 149 миң эркек кишинин дарыгерлерге эч качан барбаганы, айрымдары эки жылдан бери биринчи жолу кайрылганы белгилүү болду. 680 миңдин ичинен 44 миңден ашык эркектин жүрөк-кан тамыр ооруларына, ал эми 33 миңге жакынынын кант диабетине чалдыгуу коркунучу жогору болгону аныкталган", — деп жазылат билдирмеде.
Уйкусуздук учурундагы кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Психотерапевт: уйкусуздук аялдардын гормоналдык циклин бузат
Жаңылыктар түрмөгү
0