Россия президентин шайлоо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2024
Россия президентин шайлоо
Федерация кеңеши (парламенттин төмөнкү палатасы) Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындаган. Чечимдин кабыл алынышы шайлоо өнөктүгүн баштоого да жол ачат.

Көп улуттуу өлкөнүн эли бир үй-бүлөдөй. Путиндин шайлоодон кийинки кайрылуусу

© Sputnik / Сергей Бобылев / Медиабанкка өтүүВладимир Путин шайлоо аяктагандан кийин штабына келип, үзөңгүлөштөрү менен жолугуп жатканда
Владимир Путин шайлоо аяктагандан кийин штабына келип, үзөңгүлөштөрү менен жолугуп жатканда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Жазылуу
Өлкө башчы шайлоонун жыйынтыгы бул эл тарабынан берилген ишеним экенин белгиледи.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Көп улуттуу, көп конфессиялуу өлкөнүн эли өзүн бир үй-бүлөдөй сезет. Бул тууралуу Владимир Путин шайлоо аяктагандан кийин штабына келип, үзөңгүлөштөрү менен жолугуп жатканда айтты.
Эскерте кетсек, 15-17-март күндөрү Россияда президенттик шайлоо өтүп, анда төрт талапкер ат салышкан. Учурда бюллетендердин 70 пайыздан ашыгы саналып, добуштардын басымдуу бөлүгүнө ээ болгон Путин алдыда баратат.
Өлкө башчы тарапташтарына жасалган жумуш үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттин эртеңи үчүн маанилүү кадам шилтенгенин белгиледи.

"Баарыбыздын башыбызды бириктирген, тандообуздун тууралыгын далилдеген, бет алган багытыбыздын оң экенин ырастаган чоң жумуш аткарылды. Россия мындан да өнүккөн, күчтүү мамлекет болушу үчүн бир муштумга бириктик. Жакында эле Федералдык кеңешке жасаган кайрылуумда айтылган милдеттерди иш жүзүнө ашырууга мүмкүнчүлүк алдык", — деди Путин.

РФ лидери өз сөзүндө учурда атайын операцияга катышып жаткан мекендештерине да токтолуп, алдыда олуттуу, маанилүү көп иштер күтүп турганын белгиледи.
"Шайлоонун жыйынтыгы — бул эл тарабынан берилген ишеним. Алар бизден баарын пландагыдай аткарууга үмүт кылышат. Колдоп, ишеним көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем", — деди Путин.
Бишкекте шайлоого келген россиялык жарандар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2024
Россия президентин шайлоо
Кыргызстанда РФ президентин шайлоого 7 842 россиялык добуш берди
Жаңылыктар түрмөгү
0